super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 20 миллиондон ашты

 

Бүгүн,11-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 20 миллион 14 миң 574 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 12 миллион 218 миң 90 бейтап айыгып чыкса, 734 миң 755 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 89 миң 416 адамдан коронавирус аныкталды. 163 миң 425 адам каза болсо, 1 миллион 670 миң 755 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 57 миң 470 адамдан аныкталды. 101 миң 752 адам каза болсо, 2 миллион 390 миң 830 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 215 миң 988 адам вируска кабылган. 44 миң 386 бейтап көз жумса, 1 миллион 535 миң 743 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: