Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор алынды
Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
"8-августтан тарта Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынды.
Айта кетсек Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик посттор орнотулган болчу (Жапалак ДЭУ, Тээке-Аскер полигону, 8-март, ТЭЦ, Беш-Көпүрө, Кырарык-Арка, Амир-Темур). Бирок ошол эле учурда, эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эсиңиздерге салабыз", - деп айтылат маалыматта.
