super.kg logo

Тайсон акулалар менен алышты (видео)

 

Оор салмак боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, боксчу Майк Тайсон жергиликтүү телеканалдардын бирине шоу берүүгө тартылып жатып, суунун түбүнө тагыраагы акулаларга түшкөн. Ал Багам аралдарындагы акулаларга үч раунд бою туруштук берип, арасында сүзүп жүргөн. Бул тууралуу аталган телеканал социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, "акулалардын талашсыз жеңүүчүсү" деген билдирүүсүн калтырган.

Ал эми видеодон Тайсон инструктордун жардамы менен акулалар тобу жүргөн ачык океанга түшкөнүн көрүүгө болот. Жырткычтар өтө жакындап келгенде спортчу оолагырак түртүп коюуга аракеттенип жаткандыгын көрүүгө болот. Акулалардын бирин коопсуздук үчүн тумшугунан кармап алган учуру да бар.

Берүүнүн аягында Майк Тайсон чындыгында эле абдан корккондугун, анын үстүнө бул жаныбарлардын кебетеси ага такыр жакпагандыгын билдирген. Белгилей кетсек аталган программа ​"Акулалар аптасы"- Discovery телеканалынын жумасына бир жолу чыгуучу телешоусу болуп саналат. Ага атактуу адамдар, спортчулар конок катары чакырылып турат.






Тайсон акулалар менен алышканда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.08.2020. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аккуланын балдары турбайбы, чоңураактары келгенде мына жерде жүргөндөрдү кошуп тытып кетмек.
-BOSS- түзөттү 2020-08-11 12:56:47
11.08.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алышпай эле жон эле акулалардын балдарын кармап ойногон турбайбы
11.08.2020. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо коп баласына тушуп коргулочу озу,балыктар деле жеп койот ошончо коп болсо)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: