super.kg logo

Ошко Москвадан Кыргыз жарандары учуп келди

 

10-августта "Авиа Траффик Компания" авиакомпаниясынын "Москва – Ош" багыты боюнча өлкөгө 161 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Орусиядагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдети барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан, жакындарынын каза болгону жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.08.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эле баягылар го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: