super.kg logo

Түркияга кирүү үчүн жаңы эрежелер киргизилди

 

Мындан ары туристтер Түркияга саякат учурунда анкета толтуруп, анда Түркияда кала турган жайларынын даректери жана өзүнүн байланыш номерлерин көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бул маалыматтар, кийинчерээк эгер рейсте коронавируска чалдыккандар аныкталса, алардын жанында учкандарды табуу үчүн ИИМдин базасына киргизилет.

Ошондой эле Түркияга учуучу рейстерде кол жүгүнө чектөө киргизилди, анда жеңил баштыктар, портфель сыяктуу жеңил буюмдарга гана уруксат берилет. Жүргүнчүлөр жолдо бет капчан болуусу керек, ошондуктан авиакомпанияларга саякат учурунда жүргүнчүлөргө тамак берүүдөн баш тартканга туура келген.

Туристтер Түркияга келген соң, алардын дене табы өлчөнөт. Температурасы 37,8 градустан жогору болгон жүргүнчүлөр жарым сааттан соң кайра өлчөтөт жана дарыгерге көрсөтүлөт. Зарыл учурда туристтер коронавируска карата акысыз тест тапшыра алышат. Эгерде тесттин жыйынтыгында туристтен коронавирус аныкталбаса, ал аэропорттон каалаган жагына кете алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: