super.kg logo

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке даярдоо класстарынын ишмердүүлүгү кандай жүргүзүлөрү айтылды

 

2020-2021-окуу жылында Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке даярдоо класстары кандай шартта ишмердүүлүгүн жүргүзөрү айтылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Жусупбекова онлайн брифингде маалымдады.

"Мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шарттарда, аймактык Санэпид кѳзѳмѳлдѳѳ борборлору жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде бардык санитардык талаптарды сактоо менен ишмердигин жүргүзүшү керек;
Тиешелүү органдар тарабынан иштөөгө чечим чыккан бала бакчалар ишмердүүлүгүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) муктаждыгына ылайык жүргүзүшү керек. Бекитилген "Карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу үчүн колдонмосун" жана "Балдардын билим берүү уюмдары үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын аткаруу аракеттеринин алгоритмин" аткаруусу милдеттүү", - деген Жусупбекова.

  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ ишмердигин жүргүзүшү мүмкүн;
  • Ата-энелер менен макулдашуунун негизинде (билим берүү жана өнүктүрүү компонентин камсыздоо менен) кыска мөөнөнттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу мүмкүн.
  • Балдардын саны абдан аз болсо, "дежурдук" тайпалар иштеши да мүмкүн;
  • Ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы мүмкүн;
  • "Балалык" программасынын негизинде даярдалып жаткан видеоматериалдарды көрүү жана кайтарым байланыш уюштуруу аркылуу кырдаалга жараша дистанттык форматта да ишмердик жүргүзүлүшү мүмкүн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: