Элчи Аликбек Жекшенкуловдун уулу жаңы кызматка дайындалды
Беккул Жекшенкулов Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жекшенкулов буга чейин жеке сектордо жана эл аралык уюмдарда иштеген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Белгилей кетсек, Беккул Жекшенкулов Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-4

