super.kg logo

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы курулат. Президент ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады

 

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы курулат. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта сейил багына барганында коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы медициналык кызматкерлердин күжүрмөн эмгегин дагы бир ирет белгилеп, дарыгерлерден жардам сурап кайрылбаган адамдар жок экенин кошумчалады.

"Алардын иши көзгө көрүнбөйт. Бирок эң баалуу нерсе - өмүр үчүн күрөштө биз баарыбыз Кудайдан тилеп, дарыгерлерден жардам күтөбүз. Бул оор күндөрү аларга кошумча күч келип, адам өмүрү үчүн жоопкерчиликтери артты. Дагы бир жолу биздин дарыгерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент ар бир мезгилдин өз баатырлары болорун белгиледи. Бүгүнкү күндүн баатырлары - биздин дарыгерлер.

"Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта ыктыярчы катары күрөшүп жатып, өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим кылам жана терең кайгыруу менен көңүл айтам", - дейт мамлекет башчы.

Өлкөнүн борбор калаасын жашылдандыруу маселесине токтолгон Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз берилип кеткен сейил бак жерлерин мамлекеттик менчикке кайтаруу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жаңы сейил бак зоналарын куруу жана жарандардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери Бишкекте гана эмес, бүт өлкө боюнча улантыларын баса белгиледи.

Бир нече спорт аянтчалары жайгашкан сейил багын кыдыруу учурунда президент баскетбол, волейбол жана воркаут машыгууларына күбө болду.

"Street Workout" федерациясынын өкүлдөрү жакынкы апталарда, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, санариптик технологияларды колдонуу менен көрүүчүлөрсүз спорттук мелдештерди өткөрүүнү пландап жатышканын маалымдашты. Алар президентке бул иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Сооронбай Жээнбеков алардын идеясын колдоп, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан бул иш-чараны уюштурууга сөзсүз көмөк көрсөтүп, зарыл болгон жардамдар берилерин белгиледи.

Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан акыркы бир жылда борбордо жалпы аянты 28 гектардан ашуун 3 ири жаңы сейил багы курулуп, жалпы аянты 30 гектардан ашуун дагы төрт сейил бактын курулушу улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
11.08.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курбан ыраазы экөөңөр сейил бактан башка эч нерсе сала албай койдуңар го, Как будто Кыргыз эли 24/7 иштеп чарча эс алганы жай таппай жүргөнсүп.
Но бир чети жакшы, жылыш бар, завод-фабрикаларды куруп 5-6 миң адамды жумуш менен камсыздап койгулачы жок дегенде.
11.08.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
-BOSS-,чында как будто эсалчу жер жоктой.андан көрө завод салсын өзүбүз билебиз кай жерде эсалганды.кыйратып койгонсуп
11.08.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
maks1980bishkek,дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарына кирип жатат Бишкек, кандай түшүнбөйсүңөр бизге таза аба керек, өзүм Бишкекте жашабасам дагы эколог катары айтып жатам! Завод -фабрика курам дегендер болсо шаардан чет жака кура беришсиндер эч ким каршы эмес!
11.08.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AdylbekB84,ии сен ото тушунуктуу экенсин,как будто Бишкектин так ортосунда завод, фабрика иштеп жаткандай
11.08.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks1980bishkek,ушуга да шугур деп отур да
11.08.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен дайыма тан калам, ойлоном эмне учун Дордой базары жактагы кичи конуштарга б.а. айланма (обьездной) жолдун жээгиндени конуштарга парктар салынбайт. Себеби эмнеде? Сураган киши барбы? Боз ала чан болуп балдар кочодо ойношот, Ар юир конушка ото чон эмес, ото кичине эмес парк, оюн аянттары курулса деген ой жетсе да кол жетпеген тилегим.
12.08.2020. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
men70,Ал жактар захват да,жай жок болсо керек паркка ылайык.
11.08.2020. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы сунуш экен Адинайдын эмгеги бааланып ,эс алуу багына атын койсонор
11.08.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо, жакшы, ушуну менен ажобуз мени экинчи жолу суйунтуп атат! (Парк салганына эмес, адам эмгегин баалаганы).
Мурда досун каматканда суйунгон элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: