Жолдошу анын тайпалашы. Элмирбек Иманалиевдин кызы турмушка чыкты





Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана ырчы Гүлбү Орозкул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов билдирди.
"8-август күнү Бишкектеги тойканалардын биринде чакан той менен Сезимди турмуш жолуна узаттык. Ал эми той өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу саналуу жана эң жакын деген адамдардын гана курчоосунда өттү", - деп билдирди кубанычтуу жаңылык тууралуу Муканов.
Ал эми Сезим Иманалиева турмушка чыккан жолдошу анын бирге окуган тайпалашы. Ал Ош облусунун Өзгөн районунан болот. Жаш жубайлар ырчы Сыймык Бейшекеевди өкүл ата коюшкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
4

Бактылуу өмүр сүргүлө!!!