"Семетей" обсервациясында 20 бейтап дарыланып жатат
"Семетей" обсервациясында 20 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Семетей" обсервациясында профилдештирүү жүрүүдө. 1 миң 302 орун даярдалган, анын ичинде 50сү жандандыруу бөлүмү. Учурда ал жакта 20 бейтап дарыланып жатат. Алар айыгып чыккандан кийин аталган борбор консервацияга алынып, күзгө даярдыктар көрүлөт", - деди ал.
Өкмөт башчы билдиргендей, курулуш иштеринде буга чейин 9 объект болсо, бүгүнкү күндө курулуш объектилеринин саны көбөйүп, 12ге жеткен. "Алардын ичинде, 7 облустагы 7 объект жана Бишкек, Ош, Чолпон-Ата, Көк-Жаңгак, Орловка шаарларында тез аранын ичинде ремонттон өткөрүп, баардыгы болуп 12 объектиде курулуш иштерин аяктап, медициналык жабдыктар менен камсыздоо толук кандуу жүргүзулүп жатат. Мисалы: Бишкек шаарында оорукананын фундаменти бүтүп, дубалын көтөрө башташты. Бүгүнкү кундө 1 миң 300 орундан ашык атайын талапка жооп бере турган ооруканалар ачылат", - деди Боронов.
