Си Цзиньпин кытай элин тамак-ашты үнөмдөөгө чакырды
Коңшу Кытайдын президенти Си Цзиньпин жергиликтүү калкты тамак-ашты үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайтына жарыяланган.
"Тамак-аш калдыктарынын көрүнүшү үрөй учурарлык жана өкүнүчтүү. Кытайда дан эгинин өндүрүү жылдан жылга өсүп жаткандыгына карабастан, азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы тобокелчиликтерди ар дайым эске алуу керек", - деген Цзиньпин.
Ал мамлекет бул багытта иштерди жүргүзө тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, мындай ыкмалар пандемия учурунда эң актуалдуу болуп калган азык-түлүк коопсуздугун азайтууга жардам берет.
Коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытайда 1 жарым миллиардга чукул адам жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
algakaray

11.08.2020. 20:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биз деле той аш, ресторанды токтотуп салсак ошого кеткен чыгымга уй булооно кенен тамак аш алып жейт экенбиз. Пандемия учурунда билинди да мурда жон эле ысырап кылып журуптурбуз.
al-abu-kinesz

11.08.2020. 21:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ысырап кылбоо максатында уномдоого чакырган болсо анда жакшы. Иши кылса дагы вирус сирустун бир турунун чыгышын намекать этпедиби? Бу онбогон кытайдан баарын кутсо болот
Muzik

12.08.2020. 04:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайга барып келгем,бирок чын эле тамак аш ото эле ысырапкерчилик.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.