Президент медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрүн санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты
Бүгүн, 11-августта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана борбор калаанын Свердлов районунун социалдык коргоо системинин мисалында, медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрүн санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
№ 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Анара Шакеева мекемеде электрондук кезекке туруу системи жана бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке киргизилгендигин маалымдады.
Бул чаралар дарыгерлердин кабыл алуусуна алдын ала жазылууну пландаштырган жарандарга өз убактысын үнөмдөөгө, коридорлордогу жандуу кезекке турууну кыйла кыскартууга, дарыгерлерге болгон жүктөмдү бирдей бөлүштүрүүгө, ошондой эле бейтаптын макулдугу менен саламаттыкты сактоонун башка уюмдарындагы адистерине медициналык маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого мүмкүндүк берди.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов борбор калаадагы бардык 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгерге электрондук жазылуу киргизилгендигин жана медициналык кызматкерлерге бейтаптардын карталарын онлайн режиминде толтуруу боюнча окутуулар аяктагандыгын маалымдады.
Мындан сырткары Бишкек шаарындагы Медициналык "Тез жардам" кызматы № 1 шаардык клиникалык оорукана менен биргеликте автоматташтырылган башкаруу тутумунун экинчи этабы боюнча иштер пилоттук негизде жүргүзүлүүдө.
Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү мындан ары да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин белгиледи.
"Санариптештирүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр биринчи кезекте билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө байкалууда. Бул иш бардык аймактарда улантылат", - деди президент.
Жарандардын бийликке болгон нааразычылыгы көпчүлүк учурда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатынын төмөндүгүнөн, ашыкча бюрократиядан улам келип чыкканына токтолду.
Санариптештирүү адамдык факторду жокко чыгарып, мамлекеттик түзүмдөрдө калкка кызмат көрсөтүүдөгү коррупцияны кыскартып, каражаттардын көмүскө айлануусун жоё турганын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигинин санариптештирүү жаатында жасап жаткан аракетине ыраазы болуп, күжүрмөн эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирип, медициналык мекеменин ишин мындан ары да өркүндөтүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы санариптештирүүнүн максаты - жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана өлкөнүн бюджетине түшүүчү кирешелерди көбөйтүү экендигин, социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлык маяналарын жогорулатууга мүмкүндүк берерин дагы бир ирет белгиледи.
Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн борбор калаасынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясындагы социалдык коргоо системиндеги санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Жамилахан Жунусалиева Свердлов районунда "Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" автоматташтырылган маалымат тутуму киргизилгендигин жана ал ийгиликтүү иштеп жаткандыгын билдирди.
Аталган систем субсидияларды жана жөлөк пулдардын автоматташтырылган эсебин иштеп чыгат, жөлөк пул алуучулардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзөт. Бул социалдык жөлөк пулдарды дайындоонун даректүүлүгүн жогорулатып, муктаж эместерди тизмеден чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул бюджеттик каражаттарды кыйла үнөмдөйт.
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту" Автоматташтырылган маалымат тутумунун жардамы менен арыздарды каттоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун түзүү электрондук түрдө ишке ашат.
Ал ошондой эле "Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу башка мамлекеттик органдардын маалымат базаларынан арыз ээси жөнүндө маалыматты онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк берет, бул жарандардын убактылуу чыгымдарын кыйла кыскартат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров бүгүнкү күндө борбор калаанын башка райондорунда да "Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизүү боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















