super.kg logo

"Чиедей эки кызы бар". Кызынын операциясына көп суммадагы акча керек болуп жаткан эне жардам сурайт

 

Бул жолу редакцияга кызынын операциясына көп суммадагы акча керектелип жаткан эне кайрылды. Кызымдын чиедей эки кызы бар деген Венера Токтосунова кайрымдуу элден жардам сурайт.

"Кызым Эркинай Бекенова 27 жашта. Эки кыздын энеси. Мектепти жана Кыргыз улуттук юридикалык академиясын кызыл диплом менен аяктаган" деп сөз баштады Венера Токтосунова.

"Мындан 3 жыл мурун Эркинай башы ооруп, мээсине кан тамып, дарыланып айыккан. Быйыл кайра ошол оорусу кармап, 40 күндөн бери ооруканадабыз. Кызым эч кимди тааныбай, эс-учун жоготуп жатат. Эми кызыма аневризм деген диагноз коюп жатышат. Бул оору баштагы кан тамырлардын арасында тоголок шишиктин пайда болушу. Ал операция жолу менен жок кылынат экен. Мындан 5 күн мурун кызыма биринчи операция жасалды. Эми экинчисин эки айдан кийин Казакстандан жасатышыбыз керек. Ага 20 миң доллар керектелет экен. Биздин үй-бүлөдө андай акча жок болгондугуна байланыштуу кайрымдуу элден жардам сурайм.

Үч кыздын энесимин. Кичүү кызым боюмда бар кезде жолдошум каза болуп калган. Кыздарымды өзүм багып чоңойттум. Оорубай эле жакшы жүрүшчү, эмне болуп кеткенин билбей калдым", - дейт Токтосунова.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом-0702 53 32 90.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.08.2020. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жараткан Аллахым шыпаасын озун Бере кор!
11.08.2020. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Москвадан кантип которсо болот элсомго,Эл журт жардам берели сакайып кетсин Иншааллах
11.08.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Dani, билгендер айтып койгулачы чын эле, колдон келишинче берели жардам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: