super.kg logo

Бишкек шаарындагы коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн жалпы 370 миң 500 сом айып салынды

 

2020-жылдын 1-июнунан бери санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн Бишкек шаарындагы коомдук транспортторго жалпы 370 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус токтотуу ишканасынын адистери мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, Транспорт жана жол министрлигине караштуу транспорт инспекциясы менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттун ичтерин текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Унаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек. Чектөө киргизилгенден бери, 1-июндан тартып 2 миң 632 маршрут, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 унаага санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 370 миң 500 сом айып пул салынды", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: