Эки торпок союлган. Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу чыкты
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү жугуштуу оорусу аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Макканбай Даминов билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 8 адам облустук ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 1 адамдан күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталган. Ал эми 7 бейтапта оорунун белгилери бар.
"27-июлда айылда эки торпок союлуп, анын эти кошуна айылдарга таркатылган. Ал эми 2-августта адамдардан күйдүргүнүн белгилери байкала баштаган. Учурда Тогуз-Булак айылына 15-августка чейин карантин киргизилди. Азыр ал айылга эч ким кирбейт жана мал сатылбайт.
Ал эми 288 адам күнүнө эки маал антибиотик алып жатышат. Папан айылынын дарыгерлери күнү-түнү көзөмөлдөөдө. Күйдүргү аныкталган адам торпокту сойгон", - деди Даминов.




1 |