super.kg logo

Ош шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу жүрүүдө

 

Ош шаарында 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, аткарылып жаткан иштер боюнча эски имараттын бузулушу - 100 пайызга, жандандыруу бөлүмүнүн пайдубалынын бетон иштери - 40 пайызга бүтүп калган.

"1-бөлүмчөнүн 20 пайыздык, 2 – бөлүмчөнүн да 20 пайыздык курулушу аткарылган. Объектте 70 адам жана 7 атайын унаа техникалары иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек жалпы аянты 2627,7 метр квадратты түзгөн оорукана тез курулуучу конструкциялардан курулат. Долбоор боюнча лабораториялык медициналык жай, жандандыруу бөлүмү жана чоң кишилер үчүн жугуштуу ооруулардын дартын аныктоочу, ошондой эле дарылоочу 2 бөлүм болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: