Билим берүү министрлиги абитуриенттерди колледждерге кабыл алуунун тартибин жарыялады
Өтүнмөлөрдү онлайн кабыл алуудагы колледждердин аракеттеринин алгоритми жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, абитуриентти каттагандан кийин, кабыл алуу комиссиясынын администратору системге негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктүн же орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын бааларын киргизет.
Бюджеттик да, контракттык да окутуу формасына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн негиз катары аттестаттын 11-классты же 9-классты аяктаган бүтүрүүчү экендиги тууралуу күбөлүктүн орточо баллы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предмет же онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл алынат.
"Абитуриенттин аттестатынын жана күбөлүгүнүн орточо баллын эсептөө үчүн билими тууралуу документтин арифметикалык орточо маанисин чыгаруу зарыл. Ал үчүн негиз катары аттестатынын тиркемесиндеги баалар алынат.
Алар бири-бирине кошулат жана алынган сумма бардык предметтердин жалпы санына бөлүнөт. Бул суммага профилдик предмет боюнча балл кошулат. Орто кесиптик билим берүүнүн ар бир адистиги боюнча профилдик предметтердин тизмеси орто кесиптик окуу жайлар (ОКОЖ) тарабынан өз алдынча аныкталат", - деп айтылат мекеменин тараткан маалыматында.
