Дональд Трамп: "Түндүк Корея лидери АКШ менен согушууну күткөн"
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ менен согушууну күткөн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
"Азыр биз такыр башкача, тагыраагы абдан жакшы мамиледебиз. Ал (ред. Ким Чен Ын) буга чейин АКШ менен согуш болорун күткөн", - деген Трамп.
Тарыхта биринчи жолу АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусу 2018-жылдын 12-июнунда Сингапур шаарында өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында, декларацияга кол коюлуп, анда тараптар Корея жарым аралын ядролук куралдандыруу боюнча Пхеньян Вашингтондун коопсуздук кепилдигин алат деп макулдашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.