super.kg logo
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова: "Спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аралашпайм"

 

Кыргыз өлкөсүнүн мыкты балбан кыздарынын бири Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасы аяктаганга чейин саясатка аралашпай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Урматтуу менин күйөрмандарым! Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм.

Күзүндө Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган олимпиада оюндарына өз машыгуумду баштадым. Бул оюнда чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз эмгектенип жатам.

Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма мекендештерим жана күйөрмандарым! Баарыңыздарга ден соолук каалайм", - деп жазган спортчу.

Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
12.08.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын!!! Ушунундан жазбагын ийгилик!
12.08.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айсулуу Кыргызымдын сыймыгысын.
12.08.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айсулушка, сага аякка эмне бар? ушул таза боюнча кала бер. Ал жакта сендей ниети таза адамдарга орун жок.
12.08.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Саясатта балээ барбы. Жаштарды спортко кызыктырып, курош боюнча балбандарды даярдап чыкканга аракет кылсан.
12.08.2020. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртереек турмушка чыгып уйбулоо курушун керек карьера деп журо бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: