Быйыл өлкөдөгү китепканаларга 290 миңге чукул окурман кайрылды
Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында китепканаларда окурмандардын саны 289 миң 415ти түздү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Алты ай ичинде республикадагы китепканаларда окурмандардын саны жалпы 289 миң 415 адамды, виртуалдык окурмандардын саны 2 миллион 200 миң 79, окурмандардын катышы 1 миллион 544 миң 428, билдирмелердин саны 965 миң 385, китептин берилиши- 4 миллион 393 миң 122, өткөрүлгөн иш-чаралардын саны 12 миң 503тү түздү", - деп билдирди Жаманкулов.
Ошондой эле азыркы учурда, республика боюнча 1 миң 64 китепкана иштеп жатат. Анын ичинен: Республикалык - 2, облустук - 11, райондук - 39, шаардык - 86, балдар китепканасы - 35, айыл жериндеги - 883 жана 8 облусттук китепканалардын филиалдары камтылган. Жалпы 2 миң 967 кызматкер эмгектенип, анын ичинен китепкана кызматкерлери 2 миң 230 адисти түзөт.
