super.kg logo

Казино, букмекер, оюн автоматтары. Украина кумар оюндарын мыйзамдаштырды

 

Украинанын президенти Володимир Зеленский өлкөдөгү кумар оюндары жаатында иш алып барган ишкерликти мыйзамдаштыруу жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, документте уруксат берилген иш-аракеттердин тизмеси, оюн-зоок мекемелерине кирүү жана кумар оюндарына катышуу үчүн адамдардын жаш курагы көрсөтүлгөн. Ага ылайык, кумар оюндарын 21 жашка толгон жарандардан өйдө курактагылар ойной алышат.

Ал эми ачууга уруксат берилген кумар оюндарынын кеңселери мамлекеттик органдардын имараттарынан, диний имараттардан жана билим берүү мекемелеринен 500 метр алыстыкта жайгашуусу керек.

Кумар оюндарын жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынат. Ошондой эле жаңы беш жылдыздуу мейманкана кура турган инвесторлор үчүн 10 жылга акысыз лицензия берилет.

Белгилей кетсек Украина бийлиги кумар оюндарына 2009-жылы расмий түрдө тыюу салган. Бирок ага карабай кумар оюндары бул убакка чейин көмүскөдө иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: