super.kg logo

Эл акыны Гүлсайра Момунова каза болду

 

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Гүлсайра Момунова каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акын узакка созулган оорудан улам каза болгон.

"Гүлсайра Момунова көптөн бери ооруп жүргөн. Акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары белгилүү болду", - деп билдирди акындын кесиптеши.

Гүлсайра Момунова Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1955-жылы орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.
1961-1969-жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинде кызматкер, 1971-жылдан "Кыргызстан" басмасында редактор, 1973-1993-жылдары "Кыргызстан аялдары" журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары;

Биринчи ырлар жыйнагы "Тилек" деген аталышта 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору болгон.

1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
1987-жылдан "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.

2001-жылы "Эр Манас урпагы" медалы менен сыйланган.

2003-жылы "Түгөлбай Ата" адабий сыйлыгынын лауреаты;

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамын алган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты акын Гүлсайра Момунованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздардан чыккан ушундай алп, заалкар адамдарды пайгармбар тутуп, даназалап, мактап, ушулардан таалим уйронуп, ушулардын осуятын элге жеткирсек, ушулардан таасир алсак жакшы болот.
12.08.2020. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
i1urp,мага десе кудай тутуп ал ал Сенин ишин,а башкалар оздору билет кимди туу тутат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: