Чүйдүн Петровка айылында айдоочу рулду башкара албай бетонду сүзүп токтогон
Чүйдүн Петровка айылында жеңил унаа бетонду сүзүп, айдоочу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 12-августта болгон.
"30 жаштагы айдоочу өзүнүн Fiat үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай, бетонду сүзүп токтогон. Айдоочу алган жаракаттарынын негизинде ооруканага жаткырылды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.