super.kg logo

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти

 

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу акын бүгүн, 12-августта социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу замандаштар! 2017-жылы Жогорку Кеңештин тандап алуусунун негизинде КТРКнын Байкоочу кеңешине "Айтыш" коомдук фондунан көрсөтүлүп, коомдук квота менен өткөм. Быйылкы жылдын 6-февралында Кеңешке төрага болуп шайлангам. 3 жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. Төрагалык учур пандемияга туш келгенине байланыштуу дээрлик жыйынга чогула алган жокпуз, болгону май айынын аягында мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча Жогорку Кеңеште отчёт бердик.

11-август күнү Кеңештин төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Албетте колдон келген да, келбеген да иштер болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем. Коомдук квотадан шайланганыма байланыштуу колумдан келбей, аткарылбай калган иш болсо коомчулуктан кечирим сурайм. Өмүрүмө да, өнөрүмө да өбөлгө болгон "Айтыш" коомдук фондунун мага ишеним артканына ыраазымын. Кыргыз элинде ынтымак жана ырашкерлик болсун. Кеткендин баары эле шайлоого барып жатат, мен шайлоого барбайм, чыгармачылык ишим менен алек болом", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп ушул жылдын 6-февралында шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: