super.kg logo

Президент Баткендеги өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбордун курулушу тууралуу долбоор менен таанышты

 

Бүгүн, 12-августта президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында баткен өрүгүн кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбордун жана текстиль фабрикасынын курулушунун долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өнөржай аймагында ишке ашыруу каралууда, бул максаттарга 4 гектар жер бөлүнгөн.

Ишкер Нурбек Осмонов маалымдагандай, жергиликтүү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 миллион долларга жакын инвестиция салынган.

Анын ишке кириши менен 200 жумушчу орду түзүлөт, ал эми жергиликтүү фермерлер өздөрүнүн продукциясы - даңазалуу Баткен өрүгүн сатууну жөнгө сала алышат. Жыл сайын 8 тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот.

Ошондой эле анын маалыматы ылайык, текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 миллион долларга бааланууда.

2021-жылдан тартып фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу ордун түзүүнү жана жыл сайын 400 миллион сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.

Жогорудагы долбоорлор боюнча курулуш иштерин толук бүткөрүү 2020-жылдын декабрына мерчемделүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов маалымдагандай, аймактын 9 айыл өкмөтүндө инвестицияларды тартуу үчүн ушундай өнөржай аймактары түзүүлүүдө.

Президент баткен өрүгүн кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу сунушуна инвестор Нурбек Осмоновдун көңүл бурганын канааттануу менен белгиледи.

"Эгерде жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп, жер бөлүп берсе, анда инвесторлор ал жерлерге өздөрү эле келишет. Мындай ишкерлерди биз өлкөнүн "алтын фонду" катары баалашыбыз керек", - деди мамлекет башчысы.

Ал жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу Баткен облусунда жакшы башталыш болгонун кошумчалады.

"Баткен ар дайым менин жүрөгүмдө. Мен ага өзгөчө көңүл бурам. Биз социалдык объектилердин санын жыл сайын көбөйтөбүз. Пандемия шартында айрым багыттарды каржылоонун кыскарышы аймактын социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт", - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясаты үчүнчү жыл катары менен мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келе жаткандыгын жана анын негизги багыттарынын бири жергиликтүү ишкердикти колдоо экендигин дагы бир жолу эске салды.

Президент бул максаттарга өлкөнүн каржы институттары тарабынан бөлүнүүчү жеңилдетилген насыялардын көлөмү жыл сайын көбөйтүлүп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
12.08.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жакшы жанылык угат экенбиз да
12.08.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыйратып кетти Жээнбеков кочо толо милиция жолдорду тосуп алышкан
12.08.2020. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сокеден деле эч пайда чыкпайт.
12.08.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соке не кылса деле пышты,довериядан кетти уже,пынк пынк этип толк жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: