super.kg logo

Президент Баткендин ички жолдорунун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

 

Бүгүн, 12-августта президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен шаарында мамлекет башчы Курманжан-Датка көчөсүндөгү асфальт төшөө иштерин көрүп чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов аталган көчөнүн 1,1 чакырымына кум шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Бул боюнча жумуштар 2020-жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылууда. Мындан сырткары Баткен шаарында жакынкы арада бюджеттен дагы эки көчөнү асфальттоо мерчемделген.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан соң, мамлекет башчы региондордогу ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул багыттагы иштер кийинки жылдарда да улантыла тургандыгын өзгөчө белгиледи.

Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында республиканын райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин каражатына асфальтталып, оңдолууда.

Транспорт жана жолдор министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2019-жылы 40 райондук борбордо жана 8 шаарда 140 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн. Быйылкы жылда 150 километр жолду асфальттоо пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: