Казакстанда базар өрттөнүп, кыргызстандыктар жабыр тартты
Казакстандагы базарларда өрт чыгып кыргызстандыктар жабыркады


Казакстандагы базарларда өрт чыгып кыргызстандыктар жабыркады

"Аян" базарындагы өрт

Өрттүн кесепетинен 2 кыргыз ооруканага кайрылган
Казакстандагы базарда өрт чыгып, кыргызстандыктар жабыр тартканын “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 13-сентябрда саат 13:55те Алматы шаарындагы “Аян” жана “Олжо” базарларында болду. Өрттүн кесепетинен болжол менен 10-15 кыргызстандык жарандын товарлары толугу менен күйүп кеткен. Ал эми 2 кыргыз ооруканага кайрылышты. “Келтирилген чыгымдар учурда такталууда. Өрттүн кесепетинен “Аян” базары толугу менен күйүп кетти, ал эми “Олжо” базарынын 50 пайызы өрттөндү. Ошондой эле “Керемет” базарында 50 контейнер күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда”,- деп жазылган билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Кабар толукталды. Кырсык Алматы шаарында болгон.