super.kg logo

Ырчы Каныкей: "Продюсерим келбетиме, чачыма кандай гана эксперимент жасаган жок"

 

"Коё бер мени кайгы" аталышындагы чыгарманы өзгөчө үнү менен ырдап калың элге таанылган Каныкей эми жаңы образда. Ал чыгармачылыкка аралашкандан тарта бир катар образдарда өзүн сынап көргөн. Элдин сынынан коркпогон, тайманбас ырчынын стили дайыма талкуу жаратып келет. Ал эми бул жолкусунда анын жаңы образы мактоо сөздөргө татыды.

Жаңы образы тууралуу Каныкей социалдык тармактагы баракчасына буларга токтолду:

"Эми кеп чач жөнүндө болсун. Баштан эмнелер гана өткөн жок. Кичинекей кезимде чачымдын табияттан тармал жана ачык түстө болгонуна анчейин деле көңүл бурчу эмесмин. Кийин чыгармачылыкта продюсерим чачыма, келбетиме кандай гана эксперимент кылган жок. Мага да абдан кызык болуп, бир топ жакшы түшүмдүү иштедик. Андан соң балалуу болгон этапта абдан кыйналдым. Дегеним, чач түшөт экен кайра өсөт экен, төрөттөн кийин дене түзүлүшүң да өзгөрүлөт тура. Кээ бири арыктаса, кээ бири толот дегендей, айтор мен да толдум. Азыр кайра калыбыма келе баштадым" – деген билдирүүсүн калтырган.






Ырчы Каныкей : “Продюсерим келбетимди, чачымды эмне гана эксперимент кылган жок” – дейт ал

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(2)
13.08.2020. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы образыныз абдан сонун жарашыптыр.Озунуз да соонун эжесиз да
13.08.2020. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыздын чыныгы нукура ырчысы жалгыз гана Каныкей. Эч нерсесин жашырбай бурмалабай болгонун болгондой айтат. Тороп эле 40ы чыга электе ырдап акча тапкан жылдыздар элдин конулуно тийип бутту. Каныкей соц. тармакта озун жарнамалабагандыгы учун дайыма Эл кызыгып издеп келет. Куну туну талыбай угам ырларын. Ийгилик каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: