super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда эки бензовоз өрттөндү. Айдоочунун жүрөк оорусу кармап калып, унаа менен кошо күйүп кеткен

 

Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоз айдоочусу менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 12-августта саат 07:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымында болгон.

"Маркумдун туугандарынын айтымында бензовоздун айдоочусунун жүрөк оорусу кармап, унаа башкаруудан чыгып, сууга кулаган. Мындан улам өрт чыгып, тилекке каршы айдоочу кошо күйгөн. Ал эми ошондой эле окуя саат 12:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 239-чакырымында дагы болгон. Тактап айтканда бензовоздун прицепинин балону жарылып кетип, аны алмаштырайын дегенде өрт чыккан. Мындан улам айдоочу прицепти үзүп, бензовозду 300 метрдей алыс айдап барып токтоткон. Бактыга жараша айдоочу жабыркаган эмес", - деди аталган бөлүмдөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым бөөдө келген кырсыктардан сактасын баарыбызды!
13.08.2020. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ӨКМ же мчс каякта жүрөт, айдоочулар өрт аралап машина м-н жүрүшөт, коопсуздук деген нерсе жок таптакыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: