super.kg logo

Нурбек Осмонов: "Өндүрүш объекттерин түзүүдө "Каганат Холдинг" экономиканы өнүктүрөт жана жаңы жумушчу орундарын түзөт"

 

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Баткен облусундагы келечектеги өндүрүштүк-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана чет өлкөлөргө кургатылган жемиштерди экспорттоо үчүн өрүктөрдү кайра иштетүү менен алектенет. Бул ири долбоор "Каганат инвест" холдинги тарабынан гана каржылоонун ички булактары аркылуу ишке ашырылууда. Жалпысынан Баткенде заманбап өнөр жай комплексин курууга 8 жарым миллион доллардан ашык каражат жумшалат.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясаты үчүнчү жыл катары менен мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келе жаткандыгын жана анын негизги багыттарынын бири жергиликтүү ишкерликти колдоо экендигин дагы бир жолу белгиледи.

"Инвестор Нурбек Осмонов Баткендеги өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашырууну баштоо боюнча менин сунушума жооп берди. Эгерде жергиликтүү бийлик бардык шарттарды түзүп, жер бөлүп берсе, анда инвесторлор ал жерлерге өздөрү эле келишет. Мындай ишкерлерди биз өлкөнүн "алтын фонду" катары баалашыбыз керек", - деди президент.

"Каганат инвест" холдингинин башчысы Нурбек Осмонов логистикалык борбордун ачылышы Баткенде фермерлер менен багбандар мындан ары өз продукцияларын сатууда көйгөйлөр болбой тургандыгын билдирди.

"Алар чет өлкөлөрдөн сатып алуучуларды издөөгө муктаж болбойт. Бул түшүмдү жыйноодогу жана сактоодогу анын чачылып, азайып кетүүсүнөн коргойт. Бул сыяктуу айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар Кыргызстандын бардык облустарында ачылышы керек. Муну менен биз ата мекендик өндүрүштүн кайра жанданышына жана Кыргызстан боюнча жаңы иш орундардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөбүз", - деп белгиледи Нурбек Осмонов.



Мындан тышкары Баткен облусуна бардык зарыл болгон инфраструктура менен тигүү фабрикасы курулат. Ал эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берет. Тигүү фабрикасы толук кандуу ишке киргенде 1 000 (бир миң) жумуш орду түзүлөт. Долбоордун жалпы баасы 6 миллион долларга чейин бааланууда.

"Каганат инвест" холдинг бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Жакында эле Ош облусунда "Кыргыз унаа" заводунун биринчи баскычы ишке кирди. Учурда ал жерде электр жабдууларын, электр эсептегичтеринен баштап, ГЭСтин турбиналарына чейин чыгарат. Азыр компания биринчи ата мекендик электр автобусунун прототибин иштеп чыгууну аяктап жатат.

Ошондой эле Оштон алыс эмес жерде "Кыргыз Текстиль" ири ишканасынын курулушу жүрүп жатат. Ал пахтаны кайра иштетүүчү кластер болот. Өндүрүш цехтери өсүмдүк майын, кездемелерди чыгарып, кийим тигүү менен да алек болушат. Келечекте булгары боюнча жана бут кийим чыгарган фабрикаларды ачуу пландалган.
Жалпысынан "Каганат инвест" холдингине кирген ишканаларда бир нече миң жумуш орундар түзүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.08.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Осмонов молодец,ото коп ишканаларды куруп жатат.Ушундай кыргыз учун керек болгон фабрика заводду курган ишкерлер кобойо берсин.
12.08.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына 8,5 миллионго эле салып жатат буюрса коптогон дыйкандарга пайдасы тийет.кимге кызык болсо мамлекеттик сатып алуу сайтына кирип коргулочу сатып алган нерселери минимум 2 эсе кымбат суммарно алганда ушул жылы эле 800 миллион доллар жеп койушуптур эми элестеткиле буткул Кыргызстанга ушул сыяактуу ишкана салса болмок бир жылда эле.
13.08.2020. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец. Эми бул баланы сасык саясатка аралаштырбай,тынч койсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: