super.kg logo

Билим берүү министри Баткен облусундагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолукту

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн, 12-августта жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча Баткен облусундагы райондук жанан шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, жолугушууда министр 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыктары, "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына, Алтын сертификатка жетишкен облустун окуучуларына токтолуп, көрсөткүч жакшы экендигин белгилеген. Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу онлайн режиминде өтүп, бул абитуриенттердин баарына бирдей шарт жаратып, ЖОЖдордогу кабыл алуу комиссиянын конкурстардын жыйынтыгына тийгизген таасирин жокко чыгарганын билдирген.

"Министр жаңы окуу жылына карата педагогдорго окутууну дистанттык түрдө жүргүзүү ыкмалары, онлайн сабактарды даярдоо, видео сабактарды, видео окуу материалдарын, мультимедиалык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарлар өткөрүлүп жатканын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: