Баткен облусунда жеке коргоочу каражаттар чыгарылып баштады




Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "Cool bros" компаниясы текстиль фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкананын директору Сүймөнкул Жолдубаев фабрика заманбап жабдуулар менен жабдылганын жана айына 500 миңге чейин тигүү буюмдарын өндүрүп чыгарарын маалымдады.
Азыркы учурда 350 киши жумуш орду менен камсыз болгон. Келечекте бул санды 500гө чейин көбөйтүү пландалууда. Чыгарылган продукциялардын негизги бөлүгү Орусия Федерациясынын рыногуна экспорттолууда.
Мындан тышкары азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен калк жана медициналык кызматкерлери үчүн жеке коргоочу каражаттар чыгарылып башталган.
Сүймөнкул Жолдубаев ошондой эле, ушундай ишканаларды өлкөнүн бардык аймактарында ачуу боюнча пландары менен бөлүштү.
Мамлекет башчы оор кырдаалда социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлер четте калбай жана пандемия менен күрөшүүгө өздөрүнүн салымдарын кошуп жатканын канааттануу менен билдирди.
