super.kg logo

Ошто дарыга ууланып каза болду делген кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды

 

Ош шаарында дарыга ууланып каза болду делген кыз боюнча иш козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-август күнү эртең мененки саат 07:30 чамасында Ош облустук ооруканага дары ичип эсин жоготту делген кыз оор абалда келип түшкөн. Ошол эле күнү кечке маал ал каза болуп калган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда кыз эмнеден улам каза болгону аныктала элек. Кызды ооруканага жигити делген жаран алып келген. Ал жаран учурда жугуштуу илдет менен ооруп жаткандыгына байланыштуу аны күбө катары суракка алалбай жатабыз. Тергөөнүн жүрүшүндө коюлган берене өзгөрүшү мүмкүн", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.08.2020. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар не жиндиби силерге,ооруп жатса анан кантип алып келди больницага ,больницага чейин келди Кыз мн жолугуп журот анан милициялар эле барып сурак алалбай жатат досок да силердики
13.08.2020. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомок дегеним
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: