Кара-Көл милициясы тарабынан 1 жарым тонна кара куурай жок кылынды




Кара-Көл ШИИБи тарабынан 3-августтан 9-августка чейинки аралыкта, Кара-Көл шаарынын аймагында "Кара-Куурай" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Анын жүрүшүндө бир гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.
Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.
Кара куурайды оруп жок кылууга катышып жаткан жергиликтүү айыл тургундары мындан кийин да ушул сыяктуу иштерге активдүү катышарын билдиришип, жаштарды баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоого үндөп кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.