super.kg logo

Бразилия орусиялык COVID-19га каршы вакцинаны 2021-жылы чыгарып башташы ыктымал

 

Бразилия орусиялык COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын 2021-жылдын экинчи чейрегинде чыгарып башташы мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар Парана штатындагы Технологиялык институттун жетекчиси Жоржи Кальяого таянып жазып чыгышты.

Анын пикиринде, вакцинаны иштеп чыгууну мындай мөөнөткө коюу консервативдүү жана этияттык кадамдар менен шартталган.

"Албетте, бул өкмөт препаратты түз алып келе албайт дегенге жатпайт. Препарат Бразилияда сертификатталган жана катталган болсо, аны экспорттого болот", - деген ал.

Бразилияда орусиялык вакцинаны Технологиялык институтта сыноо иштери жүргүзүлөт. Эгер институт вакцинаны чыгара турган болсо, ага 80 миллион реал (15 миллион доллардын тегереги) керектелет.

Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: