Ошко Москвадан Кыргыз жарандары учуп келди
"Ош" эл аралык аэропортунда 13-августта "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча кезектеги чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 327 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде 59 жаш балдар бар.
Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМдин жана Орусиядагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ММКнын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.
Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларына окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.
