super.kg logo

Сокулук районунун акимине сөгүш жарыяланды

 

Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

"Сокулук районунун акимине өзүнүн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы жана Республикалык ыкчам штабдын чечимдеринин аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыяланган, аталган кемчиликтин натыйжасында Сокулук районунун COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптары менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин тийиштүү компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышы келип чыккан", - деп билдиришти мекемеден.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Белгилесек, мындан мурда премьер-министр Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медицина кызматкерлерине тийиштүү кошумча төлөмдөрдүн кармалуусу тууралуу маселени карап чыгып, ага жол берген жооптуу жактарга карата тартиптик жаза иретинде чара кабыл алуу маселесин тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: