Ырчы Самат Дөөлөтбаков алып баруучу Артур Цветковго кайрылып: "Сени депортациялайм дегидей сиз кимсиз?"
Ырчы Самат Дөөлөтбаков Кыргыз жараны менен чырдашкан орусиялык алып баруучу Артур Цветковго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жолдоду.
"Сени депортациялайм деп абдан катуу сүйлөдүңүз. Сиз кимсиз мигрантты депортациялоого? Федералдык миграция кызматынын ролун аткарбаңыз. Өзүңүздүн профилиңизде көрсөтүлгөндөй, коомдук ишмер эч качан "сиз менин ким экенимди билесизби?" деп кыйкырбайт. Бул сиздин чоң комплекстерге ээ адам экениңизди көрсөтүп турат. Бул жигиттен кечирим сураңыз, антпесеңиз биз тынчтана албайбыз", - деген билдирүүсүн калтырган.
Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган.
Мындан кийин Артур Цветков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. Анда ал өзүнүн пикиринде каларын жана иш полицияга өткөрүлүп берилгенин кабарлаган.
Ырчы Самат Дөлөтбаков Кыргыз жараны менен чырдашкан телеалпаруучу Артур Цветковго кайрылуу жасады







1 |