super.kg logo

Пандемияга байланыштуу 1 миң жаранга 42 миллион сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген

 

Пандемияга байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыя төлөөчүлөр үчүн пайыздык чендерин төмөндөткөн. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын директору Эльмира Абжапарова жыйын учурунда айтты.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан пайда болгон кырдаалды эске алуу менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келе жатат.

"Ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат", - деп билдирди Абжапарова.

Анын айтымында ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 миллион сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: