10 миңден ашык үйдүн электр энергиясы өчүрүлөт
26-марттан баштап өкмөттүн сунушу боюнча "Түндүк электр" ААКсы 3 ай бою абоненттерден коммуналдык төлөмдөрдү талап кылган эмес. Себеби бардык почта бөлүмдөрү аралыктан иштеп жатышкан. Эми "Түндүк электр" ААКсы кайрадан кадимки иш графигин калыбына келтирди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошол себептүү 17-18-августта акционердик коом кечигип төлөгөндүгү үчүн 10 миңден ашык абонентке электр энергиясын берүү ишин үзгүлтүккө учуратат. Ага ылайык, аталган компания абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрүн алдын ала төлөөгө чакырат.
Белигилей кетсек, компания терминал жана электрондук капчыктар аркылуу да төлөмдөрдү кабыл алат. Алар: "Quickpay", "Pay24", "UMAI", "KICB", "БТА Банк", анын ичинде "UMAI", "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банктын" кассалары аркылуу, "Дос Кредо Банк", "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы", "Кыргыз почтасы" аркылуу электр энергиясынын акысын төлөсө, "Түндүк электр" ишканасынын маалымат базасына тез убакыттын ичинде келип түшөт.
Ошондой эле электр энергиясына болгон төлөмдөрдү Тоголок Молдо 70А дарегинде жайгашкан "Түндүк электр" ААКнын Тейлөө борбору аркылуу да төлөсө болот. Иш күндөрү 08:00дөн 17:00гө чейин, ишемби күнү саат 08:00дөн баштап 12:00гө чейин. Түшкү тыныгуусуз иштешет.

