super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Коронавирус өлкөдө ооруканалар менен медкызматкерлердин жетишсиздигин ачыктады"

 

Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында медициналык объектилердин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасындагы курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Учурда бул жерде эки кабаттуу 100 орундуу жаңы имарат курулуп жатат.

Ошондой эле президент Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Германия өкмөтүнүн көмөгү менен курулуп, жабдылган "Тез жардам" бөлүмүнүн жаңы имаратын көрүп чыкты.

Оорукананын директору Кумар Ботокараевдин маалыматына ылайык, "Тез жардам" бөлүмүнүн жаңы имараты кийинки аптадан тартып толугу менен иштеп баштайт.

Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашуусунда колдонулбай туруп калган имараттарды заманбап ооруканаларга айландыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан кайра профилдөө иштери тууралуу эске салды.

"Коронавирус инфекциясынын келип чыгышы ооруканалардын жана медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги көйгөйүн ачыкка чыгарды", - деди мамлекет башчы.

Ал ошондой эле калк ар тараптуу медициналык кызматтарды ала турчу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде жаңы типтеги ооруканалар курула турганын белгиледи.

"Биз дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул иште биз калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн бардык тармактарды, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүү жолу аркылуу жетишилген натыйжаларга таянабыз. Бул чаралар көмүскө экономиканы азайтуу, өлкө бюджетине каражаттардын келип түшүүсүн жогорулатуу максатында кабыл алынат. Аталган каражаттарды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент дагы бир ирет санариптештирүүнүн маанисин белгилеп, оорукананын жетекчилигин аны калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө ыкчам тартипте ишке киргизүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.08.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айлык акынын аздыгына эч ким чыдабайт да.
Ошон үчүн жетишбейт кызматкерлер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: