super.kg logo

Мэриянын долбоорунун алкагында унаа токтотуучу жайдын курулушу боюнча кылмыш иши козголду

 

Борбор калаада акы төлөнүүчү унаа токтоочу жайларды уюштуруу жаатында мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн долбоору боюнча кылмыш иши козголду. Аталган долбоор Бишкек мэриясы тарабынан 2016-жылы башталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азиз Алымкулов брифинг учурунда айтты.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен 9 миллион сом бөлүнүп, тендер жарыяланган жана испаниялык компания жеңүүчү деп аныкталган.

"Бирок биз мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн долбоору боюнча чыныгы ишти көрө алган жокпуз. Буга тиешелүү бардык документтерди изилдеп чыктык. Биз жеңүүчүнүн, ошондой эле ага катышкан бир катар адамдардын иши өз деңгээлинде аткарылган эмес деп эсептейбиз.

Биз жүйөөлөрүбүздү укук коргоо органдарына жөнөттүк, алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Укук коргоо органдары көйгөйлөрдү аныктап жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору эмне үчүн иштебей тургандыгын аныктайт", - деди Алымкулов.

Ал белгилегендей МЖӨ долбоорун ишке ашыруу токтоп калбайт жана жылдын аягына чейин 8 миңге жакын жайларды түзүү пландалууда.

"Келечекте МЖӨ алкагында биз акы төлөнө турган жерлердин максималдуу санын - 50 миңге чейин уюштурууну пландап жатабыз", - деп кошумчалады вице-мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.08.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Испаниядан чакырбай эле озубуздун комнпаниялар жазаса болбойбу эми. Алар жасаганды биз деле кылабыз да, аларга акчанын баарын бербей эле. Жумуш жок дейбиз да чет жерден чакырабыз кайра акчанын кобун аларга толоп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: