super.kg logo

Эс алуучулардын маданиятына нааразы: "Кара-Жыгач" коругунун кызматкерлери эс алуучулардын артынан 1 тонна таштандыны тазалашты

 

"Коронавирус пандемиясына байланыштуу бул жылы "Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругуна эс алуу үчүн келгендердин саны өткөн жылга салыштырмалуу азайды. Бирок көпчүлүк эс алуучулар мындагы жумушчулардын эмгегин сыйлабайт, өздөрүнөн кийин отурган жерин тазалашпайт, таштандыларын жыйнап кетишпейт", - деп жазылат Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын маалыматында.

Анда айтылгандай, "Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери экологиялык "Таза тоолор" акциясын өткөрүштү. Акциянын негизги максаты - коомчулуктун жана жаштардын көңүлүн Кыргыз өлкөсүнүн экосистеминин уникалдуулугун жана биотүрдүүлүгүн коргоого көңүлүн буруу.

Акциянын алкагында катышуучулар маалыматтык баннерлерди жана паннолорду илип чыгышты. Анда экосистемди коргоого, тазалыкты сактоого чакырыктар жазылган. Ошондой эле көрктөндүрүү, санитардык тазалык жана коруктун унаа токтоочу жайларын жашылдандыруу боюнча масштабдуу иштер жүрдү.

Жалпысынан күн ичинде "Каратал-Жапырык" коругунун кызматкерлери 50 баннер илишип, 1 тоннадай таштанды чогултушкан.

"Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 36 миң 392,6 гектарды түзөт. Ал негизинен Каратал, Соң-Көл жана Чатыр-Көл болуп 3 бөлүктөн турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.08.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан маданиятты уйронобуз кыргыздар, же ушу мал сыяктуу бойдон калабызбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: