super.kg logo

Өзгөндө жер титирөөдөн жабыркаган мектептин ордуна жаңысы курулду. Президент мектептин курулушу менен таанышты

 

Ош облусунун Өзгөн шаарында заманбап мектеп курулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта А.Навои атындагы №6 орто мектепке барды.

2008-жылдын январь айында болгон жер титирөөнүн натыйжасында мектептин имараты 4-даражадагы зыянга учураган. Бирок башка имарат жок болгондуктан, окуучулар авариялык абалдагы имаратта окуусун улантууга аргасыз болушкан.

Азыркы учурда курулуш иштери аяктап, сыртын жакшыртуу жана класстарды жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мектептин директору Яшнаржан Бачилов 525 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилгенде окуучулар менен мугалимдердин көптөн берки көйгөйү чечилерин белгиледи.

Мамлекет башчы белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу республикалык бюджеттин пландалбаган чыгымдарына карабастан, биринчи кезектеги милдеттерди, айрыкча, авариялык мектептерди жана аймактардагы кароосуз калган ооруканалардын имараттарын оңдоп-түзөөгө каражаттар токтотулбайт.

Президент балдарды колдоо боюнча саясаттын алкагында окуучулардын билим берүүгө жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл буруларын баса белгиледи.

Жергиликтүү жашоочулар мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришип, премьер-министр кезинде эле аталган мектептин абалы менен таанышып, айылдыктардын көйгөйүн чечүүгө убада бергенин белгилешти. Жыйынтыгында ушул жылдын күзүндө Өзгөндүн окуучулары эми жаңы мектепке окууга барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: