super.kg logo
  Саясат  

Президент аймактык ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи

 

Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын аткаруучу директору Мырзабек Жоробеков маалымдагандай, таш кесүүчү ишкана 2019-жылдын августунда ишке киргизилген. Жергиликтүү рынокто продукцияга болгон талап чоң, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда.

Ишкананы уюштурууга 140 миллион сом, анын ичинде өздүк каражат жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясы жумшалган.

Ишкана жаңы үлгүдөгү технологиялар менен жабдылган, жогорку сапаттагы декоративдик курулуш плиталарын чыгарат. Технологиялык процесс экологиялык таза жана таштандысыз өндүрүштү берет.

Мамлекет башчысы аймактык ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Каржы институттары артыкчылыктуу тартипте аймактардагы өзгөчө экспортко багытталган ишканаларды колдоого алууда. Жеңилдетилген ресурстардын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө", - деген Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: