super.kg logo

Өзгөн районунда заманбап төрөт үйүнүн курулушу аяктоодо

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта Өзгөн районундагы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмдүк имаратынын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, аталган төрөт үйү 1965-жылы 60 орунга ылайыкташып курулган. Пайдаланууга берилген учурдан тартып имаратка капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Жаңы имарат куруу зарылдыгы тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн. Бирок каржылоонун жоктугунан маселе чечилбей келген.

Маселени чечүү үчүн кувейттик "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2019-жылдын декабрында төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратын салуу башталган.

Азыркы учурда курулуш иштеринин көпчүлүк бөлүгү жыйынтыкталды, күзүндө пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.

Бөлүмдүн жаңы имараты заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков заманбап талаптар менен жабдылган ооруканалардын болушу - бул баарынан мурда айыл тургундарынын саламаттыгына кам көрүү экендигин канааттануу менен белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: