super.kg logo

"Чет жердеги ар бир кыргыздын көкүрөгүндө өксүгү бар. Ал мекенине болгон сагыныч". Кореяда эмгектенип жүргөн кыргыз жигити менен маек

 

Өлкөбүздө тышкы миграция күч алган кезде дүйнөнүн ар бир бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди кезиктирүүгө болот. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз айлап-жылдап тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн гана эмес, өлкөнүн экономикасынын арабасын кошо тартып келе жатканы бышык.

SUPER.KG порталы учурда Түштүк Кореянын Сеул шаарында эмгектенип жүргөн мекендешибиз Бейшен Токтоназаров менен маек курду. Каарманыбыз өлкөгө болгон сагынычы, кызыктуу күндөрү, Корея өлкөсүнөн алган таасирлери тууралуу ой бөлүштү.

— Кореяда эмгектенип жатканыңызга канча убакыт болду?

- Кореяга келгениме эки жарым жыл болуп калды. Окууну сырттан бүтүрүү жолуна өткөргөндө, чет өлкөгө чыгып келүүнү максат койдум. Андан соң өзүмө кайсыл өлкөгө, маянасы канча, кандай жол менен барам деген суроолорду берип, жооп издей баштадым. Жыйынтыгында Кореяны тандап алдым.

— Кандай программанын негизинде кеттиңиз эле? Эмгек келишими канча жылга түзүлгөн?

Корея менен Кыргыз өлкөсүнүн атайын мигранттарга арналган "EPS topik" (15 мамлекет менен келишим түзгөн Кореянын программасы) деген программасы бар. Анда үч жарым ай тил курсун окудум. Сынактан өтсөм физикалык (дене тарбиялык) экзамени да бар экен. Бир жарым айдан кийин аны тапшырып, дагы бир жарым айдан кийин медициналык кароодон өттүк.

"EPS topik" программасына башында 3 миңден ашуун жигит, кыздар тапшырып, аягында иргелип олтуруп 600дөй эле калдык. Тандап алуу аяктагандан кийин, 7-айда Кореядан эмгек келишими келди. Ушундай жолдор менен Кореяга келип калдым.

Бейшен Токтоназаров 1996-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде сырттан билим алат. Учурда Түштүк Кореянын Сеул шаарында эмгектенип жатат.

— Корей тилин үйрөнүү оңой болбосо керек...

Ооба, алгач корей тилин курстан 3 жарым ай окуп, сынак тапшырдым. Учурда дагы тилди өздөштүрүүнүн үстүндө иштеп жатам.

— Мекенди сагынганда алгач эмнелер ойго келет? Кантип сагынычты таратасыз?

Бөлөк жерде, бөтөн элде жүргөндө өз мекениңдин баркын билет экенсиң. Туулган жерди эстегенде, алгач эле жайлоо, тоолор, шар аккан тунук суулары анан эң негизгиси жакын адамдарың эске келет. Башкалар мекенге болгон сагынычын

кантип таратат билбейм. Бирок менин сагынычым тарабайт, күндөн-күнгө күчөйт. Чет жерде жүргөн ар бир кыргыздын көкүрөгүндө өксүгү бар. Ал өксүк мекенине болгон сагынычы. Менин сагынычым мекениме барганда гана тарайт окшойт.

— Эң сонун! Кореяда эмне жумуш кыласыз? Айлык маянаңыз тууралуу айтсаңыз.

Кореяда унаа жолго керектелүүчү пластик тетиктерди чыгарган заводдо иштейм. Айлык маянам орточо эсеп менен 170 миң сомду түзөт.

Баарыбызга белгилүү болгондой, Корея өнүккөн өлкөлөрдүн катарында турат. Сиздин көз карашыңызда өнүккөн Кореянын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Корейлер аябай мээнеткеч, күжүрмөн, өз ишине так, жоопкерчиликтүү, сабырдуу калк келишет. Мындан тышкары пара алуу, берүү деген жокко эсе. Өлкө өзү адамдардан турса, ал адамдары мындай сонун сапаттарга ээ болсо, кантип өнүкпөсүн?

— Кореяда ууру деген түшкө кирбейт... Бейтапканаларга каалаган адам кирип, дарыгерлерсиз эле кан басымын, салмагын ченеп кете беришет экен деген маалыматты бир басылмадан окуп калдым эле. Деги эле Корея тууралуу биз билбеген кызыктар тууралуу айтсаңыз.
Туура бул жакта ууру деген түшкө кирбейт, тагыраагы, жокко эссе. Мындан сырткары:

  • Бейтапканаларда дагы каалаган убакта кирип, жогоруда айтылып кеткен кызматтарды акысыз колдоно алышат;
  • Кореяда жыл сайын ар бири жаран медициналык кароодон өтүп турат.
  • Эгер телефонун, капчыгын, буюмдарын автобуста же метродо түшүп калса, телефон чалып же почта аркылуу дарегине жөнөтүп жиберишет;
  • Жоголгон буюмду ээсине өткөрүп бергенге аракет кылышат. Мисалы, менин жакын таанышым ушундай окуяга туш болгон. Анын капчыгы автобуста түшүп калып, ага байланышып, капчыгын кайтарып беришкен;
  • Эгер көчөдө кетип бара жатып, бир нерсе сурап калсаң, корейлер жеткиликтүү айтып, түшүндүрүп берип сен түшүнгөн соң гана жолун улап кетишет.

Мындай мисалдарды айта берсек көп.

Чет элде жүрүп сиз туш болгон кызыктуу окуялар жөнүндө баяндап өтсөңүз.

— Чоң шаарга келгенде көп эле кызыктуу окуяларга туш болосуң. Алсак, метролордон адашып, башка метрого чыгып алган, даректерди таппай калган күндөр болот. Бир кызыктуу окуя тууралуу баяндап берейин. Сеулга жаңы келгенде Айт намазы болуп калып, мечитти таппай издеп жүрөбүз. Убакыт дагы аз калган болчу. Картадан карасак, жүргөн жерибизди эле көрсөтөт, бирок таппай жатканбыз. Анан корейлерден мечиттин дарегин сурасак, алар түшүнбөй койду. Ал учурда мечиттин корей тилинде кандай аталарын дагы билчү эмеспиз. Ошондо айласыздан "Аллаху Акбар каякта" деп 1-2 жолу кайталасак, анан түшүнүп, даректи көрсөтүп беришкен (күлүп).

Каарманыбыз Бейшен Токтоназаров Кыргыз өлкөсүнө келген соң магистратурага окууну көздөп жатканын билдирип, "жашоодо билим алууну уланта берүү керек экен" деген ою менен маекти жыйыктыктады.

— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Иштериңизди ийгилик коштосун! Аман-эсен мекениңизге келип алыңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.08.2020. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
나도 앞으로 한국에 갈거야
Ишиңизге ийгилик байке. Буюрса мендагы Кореяга Магистратурада окуганы барууну көздөп жатам.
16.08.2020. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корея аябай өнүгүп атат, эли да кичи пейил адамгерчиликтүү, мен 2011-жылы иштегени барганымда таң калгам, заводдун ээси президент кээ бир күндөрү биз менен теңме тең иштечү, карасаң жашы 45тегидей көрүнчү өзү 60ашкан. Завод бүтүндөй Кореяны тейлеп, андан сырткары Японияга экспорт кылат эле, тапкан пайдалары миллиард доллар болуп кеткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: