super.kg logo

Өзбекстан Орусиядагы мигранттарын кесипке жана орус тилине акысыз окутат

 

Өзбек бийлиги Орусиядагы жарандарына мамлекеттин эсебинен орто кесипке жана орус тилин окутууну пландаштырууда. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин билдирүүсүнө таянып жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ага ылайык, үч айдын ичинде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана башка ведомстволордун өкүлдөрү өзбек мигранттары көп жүргөн Москва, Санкт-Петербург, Казань, Екатеринбург, Новосибирск жана башка шаарларында Орусиянын билим берүү борборлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

"Аталган шаарларда иштеген Өзбекстандын жарандарын, айрыкча кечинде (жумуштан кийин) окутууну уюштуруу боюнча орус тарап менен өз ара макулдашууга жетишүү чараларын көрүү зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын Орусиядагы жарандарын окутууга кеткен чыгымды мамлекет чет өлкөдө иштеп жаткан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо фонду аркылуу төлөй тургандыгы маалыматта белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: