Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетти
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Кызматтан кетүү үчүн өз каалоом менен арыз жаздым. Кетүүгө убакыт келди деп эсептейм. Мындан ары алдыга жылышыбыз керек. Мен иштеген 2 жылдан аз убакыттын ичинде, Туризм департаментинин жамааты, бир катар мамлекеттик органдардын, өнөктөштөрдүн жана бизнес коомчулугунун жардамы менен мүмкүнчүлүктүн аздыгына карабастан, көп иш жасадык деп ишенем. Бирок биз жетишпей калган дагы бир топ нерсе бар. Убакыт өткөн сайын алар дагы жасалат деген ишеним чоң. Кыргыз мамлекетиндеги туризм чындыгында эле элибиздин жыргалчылыгына салым кошуп, өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп калат деген үмүттөмүн", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Максат Дамир уулу бул кызматка 2018-жылы ноябрь айында дайындалган.
