super.kg logo

Премьер-министр: "Билим күнү 1-класска баруучу 156 миң окуучуга мектептердин эшиги ачылат"

 

1-сентябрда 1-класска баруучу 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан мектептердин эшиги ачылат. Ал эми калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. Биз да толук колдойбуз: 1-класстын 156 миң окуучусуна 100 пайыз мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан анын эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа элек.

"Прогноздор боюнча кийинки толкундун чыгышы толук ыктымал. Ошондуктан министрлик калган варианттарды сунуштап жатканда эпидемиологиялык кырдаалды эсинен чыгарбоого тийиш. Эпидемиялык абалдын курчуп кетишине жол ача турган учурлардын бардыгына бөгөт коюшубуз керек. Ал эми окуу процессин кийинки чейректерде жандандыруу маселеси өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен республикалык штабдын талкуусунан өтүүсү тийиш", - деп жыйынтыктады премьер-министр .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.08.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошондо 1,5,9,11 класстар жана 1 жана 5 курстар окуйт деген туура экен да. А калгандары онлайн режимде. Бул да болсо жакшы жаңылык иншаллах.
14.08.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nazarnew,1-класс эле деп турат
15.08.2020. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир алыскы тоо ичиндеги айылдык мектептерди толук эле ачып койсо болот,алар ансыз деле изоляцияда
15.08.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул темага каршы эмеспис. Бирок балдардын ден-соолугуна кепилдик барбы? Балдарыбыз оорубасын. Кокус балдарыбыз ооруп калса окмот ошол ооруп калган балдардын ден-соолугуна кепилдик бере алабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: